Жок дегенде кагаз кармап алсаңыз боло! Премьер Талас облусунун жетекчисин тилдеди

© Фото / Элмира СуйутбековаӨкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев. Архив
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыйгарым укуктуу өкүл өкмөт башчынын суроолоруна жооп бере албады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевди сынга алды.

Бүгүн өкмөттө болуп жаткан жыйында көтөрүлгөн маселелердин бири жаңы окуу жылына даярдык эле.

Өкмөт башчы Мураталиевден облус боюнча канча мектеп Билим берүү министрлигинде аккредитациядан өтпөгөнүн сураган. Трибунага колуна бир кагаз кармабай чыккан губернатор "бул суроого даярданган эмесмин" деп жооп берди.

"Жок дегенде колуңузга кагаз кармай чыксаңыз боло?! Эмкиде даярданбай келсеңиз, ушул залга кирбейсиз. Канча мектеп расмий каттоодон өткөнүн билесизби, анда?", — деген суроого да облус жетекчиси маалыматы жоктугун айтты.

Белгилей кетсек, ар бир мектеп окуучуга берип жаткан билим деңгээлин аныктоо максатында беш жылда бир жолу каттоодон өтүп турушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0