Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Үсөнов 2010-жылы Апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Белоруссиянын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновду издеп таап, өткөрүп берүү өтүнүчүнөн эки жолу баш тарткан. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги маалымдады.

Урицкийби, Үсөновбу... жаза тайып чет жакка качсаңыз, атыңыз ким болмок? Тест - Sputnik Кыргызстан
Урицкийби, Үсөновбу... жаза тайып чет жакка качсаңыз, атыңыз ким болмок? Оюн
Эске салсак, 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Белоруссиянын Башкы прокуратурасына аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издеп таап кармоо үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бирок 2018-жылдын 6-мартында Белоруссия укуктук жардам жана жарандык мамилелер боюнча КМШ өлкөлөрүнүн Конвенциясынын 21-беренесине таянып Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн четке каккан.

Ошол эле жылдын 5-апрелинде Кыргызстан тараптан Данияр Үсөновду өткөрүп берүү боюнча дагы бир өтүнүч келген.

"2018-жылдын 7-июлунда расмий Бишкектин Үсөновду Кыргызстанга берүү сунушу четке кагылган. Бул талап саясий куугунтуктан улам болуп жатат деп эсептөөгө кескин негиз бар", — деп жазылат Белоруссиянын Башкы прокуратурасы берген маалыматта.

Белгилей кетсек, Данияр Үсөнов 2010-жылы Апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Анын аты-жөнүн өзгөртүп, Белоруссияны баш паанектеп жүргөнү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0