Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПредседатель правления РКФР Кубанычбек Кулматов
Председатель правления РКФР Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим даттанууга жатпайт.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жогорку сот Биринчи Май райондук сотунун Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу сот залынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Кулматовдун кандай мүлкү бар? Декларациядагы маалымат
Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку сотко арыз менен кайрылган. Сотто сүйлөп жатып адвокат баш коргоо чарасын тандоо боюнча актылар мыйзам бузуу менен кабыл алынганын, тергөө органдарынын өкүлдөрү Кулматовду камакка алуунун зарылдыгын түшүндүрүп бере албаганын белгиледи.

Өз кезегинде прокурор Кулматов өзгөчө оор кылмышка шектелип жаткандыктан, камакта калышы керек деген пикирин айтты.

Кулматовго каршы кылмыш иши

Эске сала кетсек, 18-майда Кулматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 5-июнда тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган.

Бишкек шаардык соту мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды - Sputnik Кыргызстан
Шаардык сот Албек Ибраимовду камакта калтырды
Алгач ага карата шаардан чыкпоо чечимин кабыл алынып, кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовду тергөө аяктаганга чейин деп дагы эки ай, 28-августка чейин камакта калтырган.

"Экинчи жарандыгы"

Коррупциядан тышкары, Кулматов мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алгандыгы боюнча айыпталган.

УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан.

"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген",— деп билдирген УКМК.

Бирок Россиянын Кыргызстандагы элчиси Кулматовдун жактоочусуна жооп бергенине караганда, анын РФ жарандыгы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0