Бишкектин мэри болом дегендер 31-июлда кыргыз тилинен экзамен берет

© Sputnik / Табылды КадырбековКалем сап кармап турган адам. Архив
Калем сап кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча калаа башчылыгына талапкер катары Азиз Суракматов расмий түрдө көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэрине талапкер болгондор 31-июлда саат 14:00дө кыргыз тилинен экзамен берерин Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, калаа башчысын шайлоо 8-августка белгиленген. Азырынча ага шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициядан Азиз Суракмактовдун гана талапкерлиги расмий көрсөтүлдү.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шаар башчылыгына талапкер болгондордун документтери 31-июлда кечки саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

"Кыргыз тилинен экзамен тапшыруу саат 14:00дө башталып, 18:00гө дейре болот. Эгер ошого чейин документтерин алып келгендер болсо дароо эле тил сынагынан өтүүгө жөнөтөбүз", — дешти комиссиядан.

Кыргыз тили боюнча экзамен тапшыруу Боршайкомдун имаратында өтөт.

Калаа башчылыгына интернет колдонуучулары дагы өз талапкерлерин көрсөтүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0