Премьер-министр Албек Ибраимовду мэрликтен кетирүү буйругуна кол койду

Жазылуу
Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөй ээлеген кызматынан кеткен.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөнү тууралуу чечимге байланыштуу Албек Ибраимов мэрлик кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскертке кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы калаа башчыны бүгүн, 19-июлда кармады. Атайын кызматтын билдиришинче, Ибраимов тергөөчүгө курал колдоно турганын айтып коркуткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0