Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу эки жер макулдашылды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүРазграничительная линия зоны действия миротворческих сил между Южной Осетией и Грузией
Разграничительная линия зоны действия миротворческих сил между Южной Осетией и Грузией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчу топ Ош шаарында жолуккан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында эки талаштуу жер тилкеси макулдашылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазды.

Тараптар чек араны делимитация жана демаркациялоо маселесин талкуулаган. Ошондой эле 2-7-июль аралыгында Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын карап чыгышкан.

"Биргеликте жасалган изилдөөлөрдүн натыйжасында эки талаштуу тилке жана Гава участкасы макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0