Жээнбеков: кадрларды ротациялоо салты жанданат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область
Рабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы буга чейинки кадрдык ротация аркылуу иштеген инсандарды мисалга келтирип, ротацияны биринчи кезекте прокуратура, милиция, УКМК, Финполициядан баштоо керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кадрларды региондор арасында ротациялоо салтын кадр саясатына киргизе турган мезгил келди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун тургундары менен жолугуп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул чара кадрларды адистик жактан гана такшалтпай, региондор ортосундагы байланышты да бекемдейт. Бир региондон чыккан адис башка регионго барып, тамыр жайып, дос-тааныш, куда-сөөк күтөт, бул аймактарды жакындатууга түрткү болот.

"Түндүккө келсем, түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти дешет, түштүккө барсам, түндүктөн көбөйүп кетти дейт. Райондорго барсаң, милициянын начальниги, прокурор, УКМК ошол райондон, милициянын 80 пайызы ошол аймактын балдары. Алар анан кантип кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшөт? Бул мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет", — деди Жээнбеков.

Ал буга чейинки кадрдык ротация аркылуу иштеген инсандарды мисалга келтирип, ротацияны биринчи кезекте прокуратура, милиция, УКМК, Финполициядан баштоо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0