Албек Ибраимов шаардык кеңештин чечими боюнча видео кайрылуу жасады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по вопросу реализации "Безопасный город"
Рабочее совещание по вопросу реализации Безопасный город - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөткөн жок

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Мэр Албек Ибраимов Бишкек шаардык кеңештин ага ишеним көрсөтпөө боюнча чечими боюнча видео кайрылуу жасады. 

Бүгүн, 13-июлда, шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча чечимди бир добуштан колдошкон.

Ибраимов өз кайрылуусунда тоого чыгып келүү үчүн үч күнгө кеткенин айтып, шаардык кеңеште эмне болуп жатканын учурунда билбей калганын белгилеген. Ал эми депутаттардын чыгарган чечими атайын тапшырык экенин кошумчалады.

"Бүгүнкү чыгарылган чечим — саясий тапшырык. Ал тууралуу кийин түз эфирде түшүндүрмө берем", — деди ал.

Калаа башчысы, андан сырткары, анын ишин колдогон шаардыктарга ыраазычылыгын билдирип, муниципалдык кызматкерлер менен шаарды өнүктүрүү боюнча иштерди чогуу жасаганына сыймыктанарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0