Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовду мэрликтен алып тынды

Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаттары 13-июлда кезексиз жыйынга чогулган болчу.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысы Албек Ибраимовго ишеним көрсөткөн жок. Добуш берүү жашыруун түрдө болуп, 40 депутат катышып, алардын бардыгы тең макул деп добуш беришти.

Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары "калаада түзүлгөн кырдаал боюнча" кезексиз жыйынга чогулган.

Выразят ли депутаты недоверие мэру Бишкека — прямая трансляция из БГК - Sputnik Кыргызстан
Мэр ишеничтен кеттиби? Бишкек шаардык кеңештин жыйыны. Түз алып берүү аяктады
Ибраимов Бишкек мэрликке 2016-жылы 27-февралда, шаардык кеңештин белгилей кетсек, кезексиз жыйынында шайланган.

Май айынын ортосунда Бишкекте 50гө жакын киши чогулуп, Албек Ибраимовдун отставкасын талап кылган. Андан сырткары шаардык кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы да мэрдин кызматтан кетиши керектигин айтып чыгышкан.

Андан сырткары УКМК Албек Ибраимов "Дастан" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болуп турганда ири өлчөмдө каражат уурдалгандыгы аныкталды деп кылмыш ишин козгогон. Өз кезегинде Ибраимов ага карата кылмыш ишинин козголушунда саясий боёктор бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0