Шаардык кеңештин депутаттары мэрдин отставкасы боюнча добуш берүүнү чечти

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность мэрии города Бишкек
Деятельность мэрии города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрди иштен кетирүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин (45тин ичинен 30у) добушу керек. Учурда шаар башчы иш ордунда эмес, эмгек өргүүсүндө.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, мэр Албек Ибраимовдун отставкасы боюнча добуш берүүнү чечти.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Рысбай Аматов мэрдин өзү жок болгондуктан, Бишкектин абалы тууралуу суроо бербей эле ага ишеним көрсөтпөө вотумуна байланыштуу суроого өтүүнү сунуштады. Аны дагы бир депутат Канатбек Музуралиев колдоду.

Выразят ли депутаты недоверие мэру Бишкека — прямая трансляция из БГК - Sputnik Кыргызстан
Мэр ишеничтен кеттиби? Бишкек шаардык кеңештин жыйыны. Түз алып берүү аяктады
Жыйынтыгында анын сунушун бардыгы бир добуштан колдоду. Учурда добуш берүүнү уюштуруу үчүн 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.

Бишкек шаардык кеңештин беш фракциясынын депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, күн тартибине бир гана мэр Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү маселеси коюлду.

Мэрди иштен кетирүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин (45тин ичинен 30у) добушу керек. Учурда шаар башчы иш ордунда эмес, эмгек өргүүсүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0