Шаардык кеңеш Албек Ибраимовду ээрден оодарып түшмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа башчысын кызматтан кетирүү үчүн шаардык кеңеш депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу керек.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеш 13-июлда өтө турган кезексиз жыйында калаа мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча маселени карайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстан" фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

Буга чейин шаар парламенти сессияга шаардагы кырдаал себепчи экенин маалымдаган.

"Күн тартибинде бир эле маселе бар. Ал — мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө. Жыйынды беш фракциянын лидерлери демилгеледи. Ишеним көрсөтпөөгө муниципалдык кызматтар менен мэриянын өзүнүн да иши жылбай калганы негиз болду. Кандай чечим кабыл алынарын билбейм. Ал эми шаар башчылыгына талапкер тууралуу айтуу эртелик кылат", — деди Сагынов.

Ал мэрди отставкага кетирүү үчүн шаардык кеңеш депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу зарыл экенин белгиледи. Мында калаа жетекчисин кызматтан алуу үчүн 45 депутаттын 30у макул болушу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0