Өкмөт башчы быйыл жетекчилердин иши кайсы критерий менен бааланарын айтты

Жазылуу
Премьер ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун түзүүнү максат кылып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жылды жыйынтыктаганда ар бир жетекчинин ишин түзүлгөн жумуш орундарынын санына жараша баалайбыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айтты.

"Ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун түзүүнү максат кылып жатабыз. Мындай жол менен биз аймактарда өндүрүштү жолго коюуга шарт түзөбүз. Эскертип коеюн, ар бир аймак жетекчисинин иши жылдын аягында түзүлгөн жумуш орундарынын санына жана калкка көрсөтүлгөн жардамга карата бааланат", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы ар бир аймак жетекчиси министрлик жана ведомстволор менен тыгыз иштеши керектигин белгилеп, алардан дагы аймактар менен иштешүүнү биринчи орунга коюуну талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0