Кыргызстан ТЭЦ боюнча документтерди алуу үчүн Кытайга кайрылат

Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңеш Эсеп палатасына ТЭЦти модернизациялоого бөлүнгөн каражаттын туура пайдаланылышын текшерүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстан ТЭЦти реконструкциялоо боюнча жетишпей жаткан документтерди алуу үчүн кытайлык аудиторлорго кайрыла турганын Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов журналисттерге билдирди.

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аудит өткөргөн жогорку орган жетекчилеринин жолугушуусу өтүп жатат. Катышуучулардын арасында Кытайдын Улуттук аудит кеңсесинин башкы аудитору Ху Зеджун бар. Марипов аны менен жолугушуу өткөрүүнү пландаштырып жатканын белгиледи.

"Биз жардам сурап кайрылууну көздөп жатабыз. ТВЕА — кытайлык компания, мындан улам керектүү документтердин баарын ала албай жатабыз. Кесиптешим менен дал ушул себептен жолукмакчымын", — деди Марипов.

Эскерте кетсек, Бишкек ТЭЦин Кытайдын ТВЕА компаниясы модернизациялаган. Бул үчүн Кыргызстан Кытайдан 386 миллион доллар насыя алганы маалым.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Жогорку Кеңеш жазында ТЭЦти модернизациялоого жумшалган каражаттын туура пайдаланылышын жана андагы авариянын себебин текшерген убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун уккан. Парламент Эсеп палатасына аудит өткөрүүнү тапшырган. Ал жыйындарга мурунку премьер-министрлер жана электр тармактарынын жетекчилери чакырылган.

Кийинчерээк ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бир катар аткаминер камалган. Алардын арасында мурунку премьер Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев жана башка энергетикатер бар. Алардын баары коррупция боюнча айпыталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0