Токбаева: Жогорку соттун кайсы судьясына иш козголгону белгисиз

Жазылуу
Буга чейин Жогорку соттун үч кызматкерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку соттун үч судьясына козголгон кылмыш иши боюнча аталган органдын төрайымы Айнаш Токбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, өз пикирин билдирди.

Эске салсак, Жогорку соттун үч кызматкерине Башкы прокуратура "айыпталуучуну мыйзамсыз камакта кармаган" деген кине менен кылмыш ишин козгогон.

Төрайымдын айтымында, кылмыш иши тууралуу 2-июлда белгилүү болгон, азырынча тиешелүү документтер Жогорку сотко келип түшө элек.

"Андыктан мен кайсы судьяларга иш козголгонун так айта албайм. Бул иш боюнча тиешелүү укук коргоо органдары тыкыр иштеп, өз баасын берет деп ойлойм", — деди Токбаева.

Ошондой эле жетекчи жабырлануучу катары каралып жаткан көзү азиз активист Темирлан Ормуковдун иши 15 күндүн аралыгында каралышы керек экенин, бирок Жогорку соттун концеляриясы аны 30 күндө каралчу иштердин катарына кошуп койгонун билдирди.

Мындан улам ишти кароо мөөнөтү бир айга созулуп кетип, эми ишти караган соттор менен Жогорку соттун аппарат кызматкерлерине иш козголгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0