Жумабеков Жогорку Кеңештеги дресс-код тууралуу

Жазылуу
Буга чейинки жыйындардын биринде өкмөт өкүлдөрү кийип келген кийиминен улам Дастан Жумабековдун сынына кабылган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынына келген өкмөт мүчөсүнүн кийимине эмнеге сын айтканын Sputnik радиосунун түз эфиринде түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, 21-июнда мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин кийинип келгенин терс пикирин айткан болчу.

"Жеңил, жеңи кыска жана бир түстүү көйнөк кийип келсе болот. Анан галстук тагынып келүү керек. Ошол жерде өкмөттөн келген айым отурду, министрдин орун басарлары отурду. Кийип келген кийими дресс-кодго туура келбей калгандыктан пикиримди айттым. Анткени жыйынды жалпы кыргыз эли карап отурат. Бийликтин жогорку бутактарында иштеген адамдар өздөрү ушундай этикасын көрсөтсө болбойт го деп ойлойм", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле этика, дресс-код депутаттарга дагы тиешелүү экенин, эл өкүлөрү жыйында дресс-кодду сактап, галстук тагынып, башкача айтканда, классикалык түрдө кийинип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0