Дастан Жумабеков төрагалык ишмердүүлүгүнө ким баа берерин айтты

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖК төрагасы Дастан Жумабеков
ЖК төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумабеков төрага болуп 2017-жылдын октябрь айынын аягында шайланган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Дастан Жумабеков Sputnik радиосунун түз эфиринде төрагалыкка келгенди эле эмес, кеткенди да ойлонуу керектигин айтты.

Спикер өз сөзүндө аны депутаттар, эл түз иштеген төрага деп эстеп калышын каалай турганын белгилеп, 6-чакырылыштагы депутаттардын 80ден ашыгы ишеним көрсөтүп колдоп бергенин кошумчалады.

"Мындай төрага болдум деп өзүм айта албайм, депутаттар менен эл өзү баа берсин. Эгер мен туура эмес иштеп жатсам, аны моюнга алам жана кийин түздөөгө аракеттенем", — деди ал.

Белгилей кетсек, Дастан Жумабеков төрага болуп 2017-жылдын октябрь айынын аягында шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0