Төрага Жумабеков депутаттар кандай жыйындарга толук катышарын айтты

Жазылуу
Спикер иш сапарында эле болбосо, бардык депутаттар жыйынга катышууга ынтызар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Конституциялык мыйзамдар жана саясий орчундуу окуялар каралган учурда эл өкүлдөрү сапарда эле болбосо, бардыгы 100 пайыз жыйынга катышарын Sputnik радиосунун түз эфиринде билдирди.

Жумабеков ошондой эле угарман менен интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын бардыгы мыйзам жазышы керек деген пикир туура эместигин белгиледи.

"Мыйзамдын баарын депутаттар жазышы керек дегенден алысмын. Мыйзам долбоорлорунун 70 пайызы өкмөттөн келиши керек. Жогорку Кеңеш ал мыйзам эл үчүн иштейт же иштебейт дегенди карап бериши керек", — деди төрага.

Парламенттин спикери, андан сырткары, быйыл Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0