Төрага парламенттин чыгымын ар бир депутатка бөлүү туура эместигин айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТөрага Дастан Жумабеков. Архив
Төрага Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин бюджети 786 миллион сомду түзөт.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Төрага Дастан Жумабеков парламенттин чыгымдарын депутаттардын санына бөлүү туура эмес экенин маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин бюджети 786 миллион сомду түзөт.

"Бул сумманы 120 депутатка бөлгөн туура эмес. Анткени парламенттин аппаратында миңдей киши иштейт. Алардын бардыгына ушул суммадан айлык берилип, салык жана социалдык фондго төлөнөт", — деди ал.

Жумабеков ошондой эле Жогорку Кеңеш жыл сайын 30 миллион сомдой акча үнөмдөй турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0