Коррупциядан саясий өч алууга чейин. Жээнбековдун кайрылуусундагы орчундуу ойлор

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө президенти өз кайрылуусунда экономиканы көтөрүү, коррупцияга каршы күрөшүү, ички жана тышкы ынтымакты чыңдоо керектигине токтолуп, аткара турчу иштерди атаган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден бери Жогорку Кеңеште депутаттарга жана элге биринчи ирет кайрылды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө башчынын кайрылуусундагы негизги учурларга токтолду.

Инвестицияны кууган коррупция

Жээнбеков чейрек кылымда өлкөнүн экономикасы өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ болбогонун айтты. Анын пикиринде инвестицияларды тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүлгөнү менен өлкөдө инвестициялык климат талапка ылайык деңгээлге көтөрүлгөн эмес.

"Ачыгын айталы, биздеги коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти. Рейдерликке жол ачкан учурлар болду. Коомубузда криминалдын баш көтөрүшүнө көз жумду мамиле жасалды. Мамлекеттик башкарууда тар чөйрөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого жол берилген учурлар болду. Ушунун кесепетинен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилди", — деди президент.

Мындан ары "үлгүрбөй калдык" деген шылтоо кабыл алынбайт

Өлкө башчысы 2019-жыл өзгөчө жыл болуп, жаңы өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын айтты.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков айлык акыны көтөрүүгө ынтызар
"Бул жаӊы өзгөрүүлөр дегенибиз — соттук-укуктук чөйрөнү тескей турган жаӊы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Өлкөбүз ошол жаӊы нормалар менен жашоону баштайт. Сотторду реформалоо боюнча кеӊештин жакында өткөн жыйынында мамлекеттик органдарга ушул жылдын аягына чейин аткарыла турган иштер боюнча так тапшырмалар берилген. "Үлгүрбөй калдык" деген шылтоо кабыл алынбайт. Бул реформаны саботаж кылгандарга катуу чаралар көрүлөт. Талап катуу болот. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу", — деди Жээнбеков.

Саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт

Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбей турганын айткан президент бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт деп сөз берди.

Айлык акыны көтөрүү жөнүндө

Жээнбеков өз сөзүндө мамлекеттик кызматкердин айлык акысы анын минималдык керектөөлөрүнө жетиши керектигин айтып, өкмөт жана парламент менен биргеликте каржы булактарын так аныктап алып, этап этабы менен айлык акыны көтөрүү керектигин белгиледи.

"Коопсуз шаар" ара жолдо калбайт

Президент мындан ары мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылчу технологиялар кеңири колдонуларын айтты. Андыктан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн басымдуу бөлүгүн электрондук форматка өткөрүү каралууда.

"Түндүк" электрондук системасын 2019-жылы толук кандуу ишке киргизүү керек. Ошону менен катар "Коопсуз шаар", "Коопсуз жол" долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү зарыл. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар", — деди президент.

Элет эстен чыкпайт

Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда коомдун тамыры, тарыхый көрөңгөсү айылда экенин айтты. Элетте заманбап жашоо кадыресе көрүнүш болушу үчүн айрым көйгөйлөрдү чечүү керек. Алар: таза суу, ирригация, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, элге газ жеткирүү.

"Улуу Жибек жолу" көчү уланат

Крупнейшая припортовая ж/д станция Дальневосточной железной дороги Находка - Восточная - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан канткенде транзиттик өлкөгө айлана алат? Президенттин пикири
Президент Кыргызстан автомобиль жана темир жолдорду курууга, электр жана байланыш түйүндөрүн жакшыртууга муктаж экенин айтты. Булар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруудагы негизги факторлорго кирет. Кыргызстан инфраструктуралык туңгуюктан чыгып, Кытайдан тартып Евразиянын деңиз портторуна чейин жеткен транзиттик өлкө болуп калышы зарыл.

Ошондуктан Кыргызстан "Улуу Жибек жолунун" алкагындагы эл аралык долбоорлорго активдүү катышмакчы.

Шайлоонун шайтан оюндары тууралуу

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоо ачык, таза, адилеттүү өтүшүнө азыртадан баштап кам көрүү керектигин айтты. Үгүт иштерин адилеттүү жүргүзүүгө жетишип, алдын ала добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жоюу зарыл.

"Бардык өзгөрүүлөр, тиешелүү мыйзам нормалары шайлоого бир жыл калганга чейин кабыл алынып, "оюн эрежелери" так аныкталып, кийин өзгөрбөй, туруктуу болушу зарыл. Шайлоого катыша турган бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп, анык саясий атаандаштыкты камсыздоого жетишибиз керек", — деди президент.

Андан сырткары, партиялар тизме түзгөндө ага өтө кылдаттык менен мамиле кылып, кийин ал өзгөрүп кетпегидей чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

"Шайлоочу добуш бергенден кийин депутаттыка талапкерлердин партиялык тизмеси өзгөрүүсүз калууга тийиш. Депутаттык мандатты алуу кезеги — партиянын лидеринин эмес, шайлоочулардын, элдин тандоосу менен аныкталышын камсыз кылуу керек", — деди өлкө башчысы.

Алыскы туугандан жакынкы коңшу

Официальный визит Сооронбая Жээнбекова в Турцию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Эрдогандын кыраакылыгына ишенерин айтты
Жээнбеков коңшу мамлекеттер — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен достук жана бир туугандык мамилени чыңдоо негизги милдеттерден болуп кала берерин билдирди. Ошондой эле Россия жана Кытай менен болгон стратегиялык өнөктөштүк көп тармак боюнча чыңдала берерине токтолду.

Андан сырткары Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен көп тараптуу жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракеттер күчөтүлөт.

"Мен кыргызстандыкмын"

"Коомубуздун бардык катмарлары биргелешип, бир эл, бир өлкө катары аракет кылышыбыз зарыл. Улутубузга, тилибизге, динибизге, жашаган жерибизге, саясий көз караштарыбызга карабай, баарыбыз теӊ "Мен — кыргызстандыкмын" деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз!", — деди президент.

Өлкө башчысы учурда өз кызыкчылыгын көздөп, коомду бөлүп-жарууга аракет кылгандар бар экенин айтты. Аларга акыл-парасат менен мамиле жасап, тынчтыкты баарынан жогору коюу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0