КСДП Атамбаев "сатып алды" деген Кой-Таштагы жер боюнча УКМКга жооп берди

Жазылуу
Партия өкүлү аталган жер тилкеси дагы деле УКМКга тиешелүү экенин айтты.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кой-Таш айылындагы жер тилкеси боюнча тараткан жалган маалыматы үчүн жооп бериши керек. Мындай билдирүүнү КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева таратты.

Анда айтылгандай, айрым жергиликтүү ЖМКлар УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен Кой-Таштагы коопсуздук комитетине тиешелүү жер тилкесин КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев "сатып алды" деген маалымат жарыялашкан. Бул чындыкка туура келбейт.

"Билишибизче аталган жер дагы деле УКМКнын карамагында. Жакынкы күндөрү эле комитеттин 9-бөлүмүнүн жетекчиси келип текшерип кетти. Ал жерге Алмазбек Шаршенович менен анын туугандарынын эч тиешеси жок. Туура эмес маалыматтын таратылышы коомчулук арасында негитивдүү пикир жаратып жатат", — деди Жолдубаева.

Ал эми УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов КСДПнын расмий өкүлүнүн билдирүүсү менен тааныша электигин, бул маселе боюнча кийинчерээк пикир билдирерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0