Жээнбеков Эрдогандын кыраакылыгына ишенерин айтты

Жазылуу
Президент ошондой эле Эрдогандын жеңиши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылым карыткан достук жана өз ара стратегиялык байланышты жаңы деңгээлге чыгарарын белгилеген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркиянын президенти болуп кайрадан шайланышы, ошондой эле Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын ишенимдүү жеңип чыгышы куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

"Шайлоонун жыйынтыктары Сиз багыттаган реформаларга жана жасап жаткан иштериңизге түрк элинин көрсөткөн чоң ишеничин айгинелейт. Сиздин тажрыйбаңыз, кыраакылыгыңыз Түркиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп-өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем", — деп айтылат Жээнбековдун куттуктоосунда.

Президент ошондой эле Эрдогандын жеңиши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылым карыткан достук жана өз ара стратегиялык байланышты жаңы деңгээлге чыгарарын белгилеген.

"Сентябрь айында Кыргызстанга боло турган расмий сапарыңызды жана анын алкагында Түрк кеңешинин кезектеги жыйынына катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз", — деп айтылат телеграммада.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: Путин экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга чың ден-соолук жана бакубаттык, ал эми бир тууган түрк элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Белгилей кетсек, 24-июнда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Акыркы алдын ала маалыматтар боюнча Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 52,5 пайызынын добушун алган. Андан кийинки орунда 30,7 пайыз менен Мухаррем Инжи турат.

Бул шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0