Ички иштер министринин орун басары болуп Мирлан Каниметов дайындалды

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Кашкар Жунушалиев жаңы орун басарынын тажрыйбасы мол экенин айтты.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Мирлан Каниметов ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Аны жеке курамга өкмөттүн коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, КР өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары Азамат Араев тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Отчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн былтыркы ишине кайсы депутаттын ичи чыккан жок. Тизме
Ал эми министрдин орун басары Данияр Абдыкаров өз арызы менен кызматтан алынган.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, Каниметов өз ишин мыкты билген, эмгек тажрыйбасы мол адис.

Милициянын полковниги Мирлан Каниметов 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылында туулган.

ИИМдин академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган жана ички иштер органдарында 1991-жылдан тарта кызмат өтөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0