Адвокат: УКМК Кулматовго карата дагы бир кылмыш ишин козгоптур

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Слесарев шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттана турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik.  Кубанычбек Кулматовго карата дагы бир кылмыш ишин козголуптур. Бул тууралуу Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев сот отуруму аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, Кулматовду тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды.

"Жаңы берене боюнча кылмыш ишинин козголгону мен үчүн да күтүүсүз болду. Прокуратуранын өкүлү сотко тийиштүү документтерин көргөзө алган жок. Болгону козголгон иш боюнча анда көчүрмө гана бар экенин айтты. Мен иш менен толук таанышкандан кийин өзүнчө түшүндүрмө берем", — деди жактоочу.

Слесарев ошондой эле шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0