Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков кесиптешине чың ден соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди, Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков РФ президенти Владимир Путинге Россия күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков өз сөзүндө Россиянын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларациясы кабыл алынган күндөн тартып өлкө мамлекеттик курулуш, социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетише алганын белгиледи.

"Сиздин акылман жана тең салмактуу саясатыңыздын натыйжасында бүгүнкү күндө Россия эл аралык аренада кадыр-баркка ээ жана күчтүү держава болуп саналат. Кыргызстан эки өлкө ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет", — деп айтылат телеграммада.

Жээнбеков кесиптешине чың ден-соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди, Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0