Жалал-Абад шаарынын мэри шайланды

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаДепутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев
Депутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрликке эки талапкер — Мураталы Тагаев менен Шаирбек Ташиев көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланганын Боршайкомдун аймактык өкүлү Дамир Жүндүбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Мэрликке эки талапкер — Мураталы Тагаев менен Шаирбек Ташиев көрсөтүлгөн.

"Шаардык кеңештеги 30 депутаттын 18и Тагаевди колдосо, 11 депутат Ташиевдин талапкерлигин жактады. Бир депутат бардыгына каршы добуш берди", — деди ал.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0