Жээнбеков менен Рахмон Кытайда жолугушту. Ортодо эмне сөз болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тежикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен кезикти
Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тежикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен кезикти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчылары мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин эртелетүү зарылдыгын айтышты.

ЦИНДАО, 7-июн. – Sputnik. Бүгүн, 9-июнь күнү, Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тежикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен кезикти.

Жолугушуу ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитинин алкагында ишке ашты.

"Сиз Тажикстанга расмий сапар менен келип кеткенден тарта эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер, аны менен катар соода-экономикалык тармагыбыз дагы жакшыра баштаганы байкалууда", — деди Рахмон.

Жээнбеков өз кезегинде тажик президенти менен жолугушуп, маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк пайда болгонуна ыраазы экенин белгиледи.

Жээнбеков Манас операсын койгон кытай артисттерин Кыргызстанга чакырды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков "Манас" операсын койгон кытай артисттерин Кыргызстанга чакырды
"Кыргыз тарап коңшулар менен жылуу мамиледе болууну биринчи орунга койгондуктан, Тажикстан менен ар тараптан кызматташууга өзгөчө көңүл бурат. Эки тараптуу маселелерди талкуулоого ар дайым даярбыз", — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары тараптар мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин эртелетүү зарылдыгын айтышты.

Чек ара тууралуу келерки сүйлөшүүлөр өкмөт башчылардын деңгээлинде Душанбе шаарында 20-июнда өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0