Сооронбай Жээнбеков: Кытай биздин эң жакын досубуз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай
Государственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда президент Жээнбеков Кытайда мамлекеттик сапары менен жүрөт.

ПЕКИН, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушуу маалында Кытай Кыргызстандын эң жакын досу деген пикирин билдирди.

Президент Кытайдагы реформаларга 40 жыл болгондугун жана бул аралыкта өлкө бир топ бийиктиктерди багындырганына токтолду.

"Биз Кытайдын жетишкендиктерине кубанабыз. Анткени силер бизге ишенимдүү коңшу, туруктуу өнөктөш жана жакын доссуңар", — деди Жээнбеков.

Ал эми Кытай парламентинин төрагасы жакында эле эки өлкөнүн ортосунда чоң мааниге ээ болгон стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюлганын белгиледи.

Кыргызча ырга бийлеген балдар. Си Цзиньпин менен Жээнбековдун жолугушкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызча ырга бийлеген балдар. Си Цзиньпин менен Жээнбековдун жолугушкан видеосу
"Кытай элинде кошунага жакшы мамиле кылуу өтө маанилүү. Сиздердин өлкө экономикалык өнүгүү алдында турат. Ал эми эл аралык аренадагы кадыр-баркыңар тездик менен өсүп бара жатат. Сиз президент болуп келгенден бери өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган реформалык иштерди баштадыңыз", — деди Ли Чжаньшу.

Эске салсак, учурда президент Жээнбеков Кытайда мамлекеттик сапары менен жүрөт. Ал 8-июнга чейин созулуп, андан соң өлкө башчы 9-10-июнь күндөрү ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0