Элдин ишенимин кайтаруу керек! Чүй ОИИББине жаңы жетекчилер келди

Жазылуу
Жаңы жетекчилер жамаатка тааныштырылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМинин буйругу менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгына бир катар жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жаңы жетекчилерди кызматкерлерге тааныштырган.

"Атайын буйрук менен Чүй облусунун ИИББинин начальнигинин орун басарлары болуп дайындалган милициянын полковниктери Бактыбек Нарчаев менен Айбек Ажыбаев, ошондой эле Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматынын начальниги, милициянын полковниги Айбек Осмоналиев жамаатка тааныштырылды", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ башчысынын биринчи орун басары жаңы жетекчилерди тааныштырып жатып, алар өз ишинин чыныгы адистери экенин айтып, мекен үчүн кызмат кыларына ишене турганын белгилеген.

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Милицияда бычакталган кыз. Жээнбеков күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону тапшырды
"Жайыл милициясындагы каргашалуу окуяга баарыбыз күбө болдук. Тилекке каршы, келечеги али алдыда болгон жапжаш кыз каза тапты. Ал ата-энесинин үмүтү, келечеги, бактысы болчу. Эми элдин ишенимин кайтаруу үчүн сиздер менен биргеликте оперативдик кызматтык тапшырмаларды аткарууда жаңы ыкмаларды иштеп чыгышыбыз керек", — дешти жаңы жетекчилер.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн. Бул окуядан кийин Чүй ОИИББинин бир катар жетекчилери иштен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0