Сооронбай Жээнбековду Кытайга коштоп кеткендердин тизмеси

Жазылуу
Өлкө башчы Кытайда беш күн жүрөт. Иш сапарында бир катар өлкөлөрдүн президенттери жана башчылары менен жолугушуу пландалууда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапары менен Кытайга учуп кетти.

Президентти коштоп кеткен расмий делегациянын түзүмү:

— Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри;

— Данияр Сыдыков — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

— Замирбек Аскаров — вице-премьер;

— Азамат Усенов — Кыргызстандын Кытайдагы элчиси;

— Канат Керезбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Адыл Жунус уулу — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Исхак Масалиев — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Акылбек Жапаров — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Кубанычбек Нурматов — Жогорку Кеңештин депутаты;

— Олег Панкратов — экономика министри;

— Акрам Мадумаров — Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси;

— Адылбек Касымалиев — каржы министри;

— Нурбек Мурашев — айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

— Жамшитбек Калилов — жол жана транспорт министри;

— Таалайкүл Исакунова — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

— Космосбек Чолпонбаев — саламаттык сактоо министри;

— Уланбек Рыскулов — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи мамлекеттик сапар! Президент Кытайга эмнеге барат
Мамлекеттик сапар 6-июндан 8-июнга чейин үч күнгө созулат. Анын алкагында Жээнбеков Кытай Эл республикасынын башчысы Си Цзиньпин, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин башчысы Ли Чжаньшу менен кезигет.

Жумушчу сапардын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлат. Анын ичинде башкы саясий документ катары Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптык стратегиялык өнөктөштүктүн бекемдөө боюнча биргелешкен декларация да бар.

9-10-июнь күндөрү Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммитине катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0