ТЭЦти оңдоодогу чекиликтер ачыкталып, Осмонбек Артыкбаевге иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев. Архив
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТЭЦти оңдоо боюнча түзүлгөн кеишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы көздөлгөн эмес. Анализ нарктагы айырмачылык орто эсеп менен 20 миллион долларды түзгөнүн көрсөттү.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДП партиясы Сапар Исаковдун камалышы боюнча үн катты
Мекеменин маалыматына ылайык, 2012-2013-жылдар аралыгында “Электр станциялары” ААКсына “Бишкек ТЭЦти модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн төрт компаниядан сунуш түшкөн. Анын ичинен Кытайдын СМЕС аттуу мамлекеттик компаниясы 356 миллион доллар сумманы көрсөтүү менен алда канча пайдалуу сунуш берген. Ошондой эле алар оңдоо иштерин энергетикалык долбоорлор боюнча эл аралык келишимдин негизинде жүргүзмөй болгон. 

Ал эми кытайлык ТВЕА компаниясы долбоорду 390 миллион долларга жүзөгө ашырууну сунуштаган. Бирок аталган компаниянын мындай иштерди жасоо боюнча тажрыйбасы жок болгону аныкталганын белгилейт башкы көзөмөл органы. 

Ошондой эле Башкы прокуратура 2013-жылдын 24-майында мамлекет башчынын резолюциясы менен Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жана финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурсулуу Ахметовага подрядчы катары ТВЕА компаниясын тандоо боюнча кат келген. 

“Аталган жыйында ал ТВЕА ишканасы менен тез арада сунуштаган шарты боюнча келишим түзүүгө аныктама берген. Ошол эле учуда Артыкбаев орун басары Калиев, “Электр станциялары” ААКтын директору Авазов, анын орун басары Назаров менен биргеликте милдеттүү түрдө керектелген техника-экономикалык негиздемесин жана башка техникалык документтерин талап кылган эмес”, — деп жазылат маалыматта. 

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: ТЭЦтеги авария саботаждан улам болгон деген версия териштирилип жатат
Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, мунун натыйжасында 16-июнь күнү милдеттүү техникалык документтери жок туруп ТЭЦке коротулган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатка эл аралык "ЕРС" стандарты боюнча келишимге кол коюлган. Анын шартына ылайык, “Электр станциялары” ААК курулушка кеткен чыгымдарды көзөмөлдөө укугунан ажырап калган. 

Башкы көзөмөл органы Эсеп палатасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги актысына таянуу менен жогоруда көрсөтүлгөн келишимде каражаттын колдонулушу туура эмес болгонун белгилейт. 

"ЕРС" формасын кабыл алууда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес, анткени мында жасалган иштин чыныгы баасын аныктоого болбойт. Анализ нарктагы айырмачылык орто эсеп менен 20 миллион долларды түзгөнүн көрсөттү”, — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле прокуратура жумшалган каражаттын акталышы жана кайтарылышы боюнча эсептердин жоктугу насыяны кайтарууда маселе жаратып өлкө экономикасына катуу залакасын тийгизерин эскертет. 

Кылмыш иши УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди.

Буга чейин Бишкек ТЭЦтин айланасындагы чуу боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков, министрдин мурунку орун басары Айбек Калиев жана “Электр станциялары” ишканасынын экс-жетекчиси Салайдин Авазов камалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0