Мамлекеттик экотехинспекцияга жаңы директор дайындалды

© AFP / GREG BAKER Портфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамэкотехинспекцияны мурунку "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору жетектемей болду.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жолдошбек Жунушов Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 30-майда вице-премьер Замирбек Аскаров ведомстовонун борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырган.

"Жаңы жетекчиликтин арты менен Экотехинспекциянын маанилүү милдеттери натыйжалуу ишке ашарына ишенем", — деди вице-премьер.

Мурунку директор Канатбек Муратбеков ээлеген кызматынан бүгүн бошотулган. Ал Мамэкотехинспекцияны 2015-жылдан бери жетектеп турган. Ал эми Жунушов буга чейин "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорлук кызматын аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0