Абдил Сегизбаевдин тууганы ИИМдеги кызматынан айдалды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин Ички иликтөө кызматынын экс-башчысы Скандарбек Көчөрбаев
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын экс-башчысы Скандарбек Көчөрбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев ички иштер министрлигинен биротоло кетирилгендиги тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде ИИМдин коллегиясында Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев менен Кадрлар башкы башкармалыгынын жетекчиси Болот Имангазиев алардын үстүнөн түшкөн арыздардын негизинде кызматынан убактылуу четтетилген.

"Көчөрбаевдин үстүнөн Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу жана ИИМдин катарында ишмердүүлүгүндө кетирген одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурордун былтыркы жасаган иштерине Жогорку Кеңеш канааттанган жок
Ошондой эле ИИМдин маалымат кызматы, ички иликтөөлөр кызматы тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринен коркутуу, үркүтүү методдорун жана видео-аудио жазууларды пайдалануу менен акча талап кылуу, пара алуу фактылары да орун алгандыгы ачыкталганын айтышты.

Белгилей кетсек, Көчөрбаев буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев менен ага-ининин балдары экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0