Сапар Исаков: экс-президент Атамбаев экөөбүздү каралоо жүрүп жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаев жана мурунку премьер-министр Сапар Исаков. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана мурунку премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку өкмөт башчы ушуну менен УКМКга үчүнчү жолу келип отурат.

БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦти модернизациялоо иши боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына келди.

Үчүнчү ирет суракка чакырылган Исаков ЖМК өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берди.

Мурунку премьер-министрдин айтымында, ушу тапта аны жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди ЖМК менен социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатат.

"Байкап көрсөңүздөр, азыр системалык түрдө Алмаз Шаршеновичти, мени каралоо жүрүп жатат. Жаман сөздөр айтылууда. Чыккынчылар дешүүдө. Бүгүн биздин маалымат кызмат мени "Кыргызстандан качып кетти, Новосибирскиден кармалды" деген сөздөр болуп жатканын айтты. Мен эч убакта Кыргызстанымдан кетпейм, себеби мен өз мамлекетимди жакшы көрөм, мамлекетим үчүн көп нерсеге барганга даярмын. Коррупцияга эч качан малынган эмесмин, абдан таза иштегем, ошондуктан эч нерседен коркпойм", — деди Исаков.

Мындан тышкары, ал Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү боюнча да түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бир топ керектүү долбоорлор ишке ашкан.

"Биз Кыргызстанга келгендер кыргыз деген ким экенин билишин каалаганбыз. Тарыхыбыз менен сыймыктангыбыз келген. Мен Кудайга ишенем, эгер адам өлкө үчүн көп жакшы нерсе жасаса, акыйкаттык жеңет", — деди Исаков.

Мурдагы премьер-министр, КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Кытайга канча жолу учканын айтты
Буга чейин Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары музейде көчмө жыйын өткөрүп, алынган эмерек менен инсталляциянын айрым деталдарына жумшалган акчага нааразы болушкан. Анда бир отургуч 100 миң сом турса, "дарак" 600 долларга айланган. Депутаттар имараттын маңдайкы бети эмне себептен түрк грантынын эсебинен, ал эми ички ремонтуна бюджеттик каражат пайдаланылганын тактоону талап кылышкан. УКМК териштирүү иштерин баштады.

Буга чейин Сапар Исаков УКМКга 26-апрелде ТЭЦти реконструкциялоо боюнча күбө катары чакырылса, экинчи ирет ошол эле негиз менен 14-майда келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0