Президенттик аппараттагы Манас Арабаевдин ордуна жаңы башчы дайындалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санжар Исабаев 37 жашта.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп Санжар Исабаев дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Электр станциялары ачык акционердик коомуна башкы директор болуп дайындалган Аскар Эшимбеков - Sputnik Кыргызстан
"Электр станцияларын" жетектей турган Аскар Эшимбеков деген ким?
Буга чейинки бөлүм башчы Манас Арабаев 15-майда ээлеген кызматынан бошотулган.

Санжар Исабаев 37 жашта. 2004-жылы Кыргыз-орус славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку соттун аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчы жана Жогорку соттун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-жылдан 2016-жылга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0