Депутат: саясий заказ болсо Ибраимов эбак кишенделип камалмак

Жазылуу
Учурда Бишкек шаардык кеңеши кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Саясий буюртма болсо мэр Албек Ибраимов эбак камалмак. Бул тууралуу шаардык кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жусупбек Коргонбай уулу айтып чыкты.

Эл өкүлү буга чейин шаар башчысы Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөнүн белгилеп, кийин Ибраимов бул аракетти "саясий заказ" деп атаганына токтолду.

"Саясий заказды ким бермек эле? Эгер саясий заказ болсо Ибраимовго эбак кишен салып отургузмак", — деди депутат.

Жашылдар партиясы менен Дем ала албай калдык коомдук кыймылы бир катар талаптары менен митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мэр Ибраимовдун отставкасы талап кылынууда
Ал ошондой эле жакында ЖМКларга Бишкектин айланасында берилип кеткен гектарлаган жер тилкелери боюнча материалдар чыгып, токтомдордо депутаттын колу жүргөнүн айтып, тийиштүү атайын кызматтардан бул ишти иликтеп чыгууну суранды.

"Мага ушундай токтомдорго кол коюп бериңиз деп чалышканда баш тарткам. Анан кантип токтомдордо менин колум коюлуп калат? Муну атайын кызматтардын өкүлдөрү териштирип чыгышы керек", — деди ал.

Эскерте кетсек, учурда Бишкек шаардык кеңеши кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0