АКШнын мамдепартаменти Кыргызстан коңшуларынан мыкты экенин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбор Азиянын президенттери Астанадагы саммит учурунда. Архив
Борбор Азиянын президенттери Астанадагы саммит учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Сэм Браунбек менен жолукту.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азияда дин тутуу эркиндиги боюнча алдыңкы катарда турарын АКШнын мамлекеттик департаментинин эл аралык дин эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Сэм Браунбек билдирди.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов Сэм Браунбек менен 25-майда Вашингтон шаарында жолуккан. Баарлашуу учурунда Токтогулов Кыргызстан адам укуктарын коргоого басым жасай турганын айтканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Браунбек өз кезегинде Кыргызстан Борбор Азияда демократиялык өнүгүү жана дин тутуу эркиндигин сактоо маселелеринде алдыңкы орунда экенин белгиледи. Кыргызстан бул багытынан жазбайт деп ишене турганын айтты", — деп жазылат маалыматта.

АКШнын мамдепартаментинин өкүлү эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдап, анын ичинен дин тутуу эркиндиги тармагында Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0