Вице-мэр Айгүл Рыскулова кызматтан кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова. Архив
Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рыскулова вице-мэрликке 2014-жылы 31-июлда дайындалган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова кызматтан кетти. Бул маалыматты Бишкек мэриясынын маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, Рыскулова арызын 25-майда эле жазып, мэр буйрук чыгарган.

"Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин сессиясында вице-мэрдин отчету каралмак. Бирок ал иштен кеткендиктен бул маселе күн тартибинен алынды", — деп билдиришти мэриядан.

Рыскулова вице-мэрликке 2014-жылы 31-июлда дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0