Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарат

© Фото / Жээнбек СагыналиевЗаместитель гендиректора КТРК Шайырбек Абдырахман уулу
Заместитель гендиректора КТРК Шайырбек Абдырахман уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдырахман уулу 2010-2013-жылдары ЭлТР телеканалынын башкы директору болуп иштеген.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Шайырбек Абдырахман уулу Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, Абдырахман уулу бүгүнтөн баштап ишке киришет.

"Азырынча милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлигин байкоочу кеңештин жыйынына сунуштап, эгер алар колдоп, добушун берсе расмий түрдө иштей баштайт", — деди Карыпбеков.

КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков депутаттын көчмө студия боюнча айтканына жооп берди
КТРК орун басарынын мурунку жетекчиси Кайрат Иманалиев аталган кызматтан үстүбүздөгү жылдын 23-майында өз арызынын негизинде кеткен.

Шайырбек Абдырахман уулу 1976-жылы 27-сентябрда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган. Эмгек жолун КТРКдан баштап, "Добуш" автордук берүүсү менен эл оозуна алынган. Ал эми 2010-2013-жылдары ЭлТР телекомпаниясынын башкы директору болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0