Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуудан баш тартты

© REUTERS / Joshua RobertsАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп дүйнө менен Түндүк Корея тынчтык менен өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдон учурганын айтты.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Трамп кесиптешине Сингапурда саммит өткөрүүдөн баш тартканы боюнча кат жөнөткөн. 

"Тилекке каршы, акыркы жолку билдирүүңүздө ачууңузду ачык эле көрсөттүңүз. Жеке оюмча көптөн бери пландалып жаткан жолугушууну так азыр өткөрүү туура эмес болуп калат окшойт" — деп Ак үй тараткан билдирүүдө айтылат. 

Трамп ошондой эле дүйнө менен Түндүк Корея тынчтык менен өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып алганын кошумчалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0