КСДП Исаков менен Кулматовдун сурагы боюнча расмий билдирүү таратты

© © Фото / секретариат фракции СДПККСДП фракциясынын жыйыны. Архив
КСДП фракциясынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партия ТЭЦтеги аварияга түздөн-түз күнөөлүү адамдарды жазалоого чакырды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын делген адамдардын ишмердүүлүгү коомчулукка атайылап терс жагынан көрсөтүлүп жаткандай элес калтырууда. Мындай пикирин КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун суралышы боюнча айтып жатып билдирди.

"Акыркы айларда Алмазбек Атамбаевге жакын делген адамдарды коомчулукка атайылап жаман көрсөтүп, айрым кылмыш иштерин териштирүүдө күч органдары тандоо жолу менен иш кылып жаткандай", — деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин токтомунда ТЭЦтеги аварияга түздөн-түз күнөөлүү адамдарды жазалоо тууралуу айтылбаганы таң калтырарын кошумчалады.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев журналисттерге койгон миллиондогон доосунан баш тартты
"Укук коргоо органдары ТЭЦтеги авария боюнча иликтөөлөрүн өздөрүнө ыңгайлуу жол менен кылып жаткандай. Мисалы, эмне себептен кылмыш жоопкерчилигине ошол кездеги жетекчи Нурлан Өмүркул уулу тартылбайт? Анын ордуна Жалал-Абад мэри, КСДП мүчөсү Салайдин Авазов камалып, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков суралып жатат. Авария боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүп, түздөн-түз күнөөсү барлар жазаланышы керек. Бул жерде кеп катардагы жумушчулар эмес, ишкана директору жана андан жогорку кызмат адамдары тууралуу болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жолдубаева коомчулук мурдагы бажычы Раим Матраимовго карата бийликтин кадамы кандай болорун күтүп жатканын кошумчалады.

"Матраимов кызматтан кеткенден кийин бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү кескин өскөнү эмнеден кабар берет? Эми бажыдагы уурулукту иликтегендин ордуна ал жактагы коррупцияга каршы күрөшүп келген Кубанычбек Кулматов кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат", — деди расмий өкүл.

Ал УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын мындай кадамдары паракорчулукка каршы идеяга күмөн жаратып жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0