БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Бүгүн өкмөттө бир катар кадр алмашуулар болгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алты буйрукка кол койгон.
Өзүнүн берген арызынын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Октябрь Абдыкаимов ээлеген ордунан бошотулган.
Теңизбек Абдыжапаров (бүгүнкү күнгө чейин Социалдык фондду жетектеп турган) Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Медер Ирсаилов Социалдык фонддун жетекчилигине келди. Ал буга чейин ушул эле ведомствонун башчысынын биринчи орун басарлыгын аркалаган.
Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гулнур Жуматаева биринчи орун басар болуп дайындалды.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жеңиш Исаков жумуштан бошотулуп, анын ордуна Шамил Бердалиев келди.