Матвиенко АКШлык парламентарийлер менен диалогго ачык экендиктерин айтты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРФтин Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко. Архив
РФтин Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрайым Россия тараптан америкалык эл өкүлдөрүнүн бир эмес, бир нече жолу чакырылгандыгын айткан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШ менен чыңалган мамилелерге карабастан биз байланыштын болгон жолдорун ачык калтыруудабыз. Бул туурасында РФтин Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.

"Эки тараптын мыйзамчыларынын диалогу үчүн каналдар ачык. Миллиондогон шайлоочулары бар парламентарийлер бири-бирин уга алышат жана эки тараптуу форматта, аны менен катар эле эл аралык парламенттик аянтчаларды иштей алышат. Диалог үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышат", — деген Матвиенко.

Төрайым конгресстин жетекчилигинен жана анын комитеттеринен да жооп боло электигин айтты.

Визит президента США Д. Трампа в Париж - Sputnik Кыргызстан
Трамп АКШ менен Россиянын ымаласы жакшырса деген ниетте
"Тилекке каршы, конгресстин жетекчилигинен жана анын комитеттеринен да жооп боло элек. Бирок, биз тараптан диалогдун терезеси ачык кала бермекчи. Россия менен АКШнын жөнгө салынган мамилеси, конструктивдүү өз ара ымаласы дүйнө үчүн кандай маанилүү экендигин билебиз. Андыктан, аны калыбына келтирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонууга даярбыз", — деген Федерация Кеңешинин спикери.

Алаканы жакшыртуу үчүн формалдуу гана аянтчаларды колдонбостон, башка мүмкүнчүлүктөр караштырылып жаткандыгын белгиледи.

"Күздө, сентябрда Санкт-Петербург шаарында Аялдардын евразиялык форуму болот. Ага америкалык кесиптештерибизди, коомдук ишмерлерди, бизнестин, саясаттын, парламенттин өкүлдөрүн да чакырдык", — деди Матвиенко.

Иш-чара дүйнөлүк масштабда өтүп, ага аялдар элитасы катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0