Матвиенко: Европа өлкөлөрү Вашингтондун артынан ээрчигиси келбей калды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоссиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко. Архивное фото
Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы АКШ Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүү менен Израиль менен Палестина ортосундагы кастыкты ого бетер күчөткөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Көптөгөн себептерден улам Европа өлкөлөрү Вашингтондун (АКШ) артынан ээрчигиси келбей калды. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новости агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, европалыктар мурда Вашингтондун бардык көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарып келишкен. Бирок азыркы учурда мурдагыга салыштырмалуу абайлап мамиле жасап калышты.

"Көптөгөн себептерден улам Европа өлкөлөрү Вашингтондун адамды таң калтырган кадамдарын ээрчигиси келбей калды. Мына карагыла, дүйшөмбү күнү эмне болду? АКШ Тель-Авивдеги (Израиль) элчилигин шашылыш түрдө Иерусалимге көчүрүп кетти. А бирок Иерусалим көптөгөн эл аралык актылар, БУУнун коопсуздук кеңеши тарабынан статусу аныкталган шаар да. Элчиликти ал жакка көчүрүп, эрежени бузууга эч кандай себеп жок болчу", — деди Матвиенко.

Ал ошондой эле АКШнын мындай кадамы Израиль менен Палестина ортосундагы курч абалды ого бетер күчөтүп жибергенин белгилеп өттү.

"Келгиле суроо берип көрөлү, АКШ элчилигинин Иерусалимге көчүрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы абалды стабилдештирип, Израиль менен Палестинаны ынтымакка чакырабы? Албетте жок, тескерисинче кастыкты козутуп жатпайбы. Кимдир бирөө мындай жасалган кадам үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек", — деди ал.

Церемония открытия нового жилого комплекса на улице Рёмён в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея Трамп менен сүйлөшүүнүн шартын атады
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү, 14-майда АКШ өзүнүн Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүп кетти. Өткөн жылы Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Тель-Авивдеги АКШнын элчилигин көчүрүү боюнча мыйзамга кол койгон болчу. Буга палестиналыктар жапырт каршы чыккан.

Кыргызстан дагы Бириккен Улуттар Уюмунун Иерусалим боюнча резолюциясын колдоп, бул шаарды Израилдин борбору деп таанууга каршы экенин билдирген.

Иерусалим — Жакынкы Чыгыштагы шаар. 1950-жылы Израилдин Кнессети (парламент) Иерусалимди өлкөнүн борбору деп кабыл алган. Ал эми 1967-жылы болуп өткөн алты күндүк согушта (5-июндан 10-июнга чейин созулган араб-израиль чатагы) Израиль жеңишке жетип, Чыгыш жана Батыш Иерусалимди толугу менен көзөмөлдөй баштаган. 1980-жылы Кнессет Иерусалимди Израилдин бирдиктүү жана бөлүнгүс борбору катары кабыл алган. Бирок бир катар эл аралык уюмдар Иерусалимди Палестинанын жери деп эсептеп, Израилдин борбору катары тааныган эмес. Мындан улам Иерусалимдин статусу Израиль менен Палестинанын ортосундагы чатакты жаратып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0