Асылбек Жээнбеков мурдагы премьерлер Сатыбалдиев менен Исаковго кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков. Архив
КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат бардыгына тергөө чекит коёрун, ошентсе да өзүнүн күнөөсүн башкаларга оодара салуу эркекчиликке жатпай турганын билдирди.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков ТЭЦтин айланасындагы окуя боюнча озунуп бир нерсе деп айтып, күнөөнү башкага түртө салуу жигитчиликке жатпай турганын айтты.

Ал тергөөнүн жыйынтыгы бардыгын өз ордуна коё турганын белгиледи.

"Тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек. Ага болбой эле мурунку парламент күнөөлүү, спикер күнөөлүү, комитеттин төрагасы күнөөлүү деген эркекчиликке жатпайт. Жантөрө Жолдошевич, Сапар Жумакадырович, силердин стратегиялык тактикаңар туура эмес болуп жатат, мен кылган эмесмин, мен күнөөлүү эмесмин деп жатасыңар. "Биз дагы мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин келечеги үчүн деп ушундай кылганбыз, бирок арты мындай болуп калды" деп милдеттин алсаңар болмок", — деди ал.

Жээнбеков өз сөзүндө Жогорку Кеңеш президенттин, өкмөттүн бир нече чечимдерин колдоп ратификациялаганын айтып, ошонун негизинде мектептер, жолдор курулуп, ГЭСтер жаңыланып, стратегиялык деп саналган иштер аткарылганына токтотулду.

Уголовное дело - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтин айланасындагы окуялар боюнча канча кылмыш иши козголгону айтылды
ТЭЦтеги авариянын арты менен катылып жаткан чоң кемчиликтер ачыкка чыкканын да баса белгиледи.

"Бир гана кудайдын буйругу менен "эй кыргыздар көзүңөрдү ачкыла, силердин акчаңарды жеп кетип жатат, карап койгула" деп сууктун арты менен чоң кемчиликтер ачылды. Эмне үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, ошондогу өкмөткө ишенип колдоп берсек арты ушундай болуп калганы бизге да кызык", — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле Кытай менен болгон мамилеге шек келтирип жаткандар депутаттар, парламент эмес, ошол келишимди даярдап алып келгендер экенин айтты.

Андан сырткары, бири-биринин кылыктарын чукуй келсе, ачыкка көп нерсе чыгарын да билдирди.

"Эл анын баарын билет, ачык эле айтайын. Бирөөнүкүн эч качан чукубай жүргүлө, ар бириңер өзүңөргө жооп бергиле, ошол жакшы болот. Кимдин сөзү кайсыл нукта кетип жатат, же кимдин сөзүнүн артында дагы кандай иштер бар экенин эл байкап турат, эл тараза. Калганын тергөө органдары кудай буюрса аныктап берет, булардын милдети ошол", — деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0