Исаков парламентти "саясий өлүк" деп атаган себебин түшүндүрдү

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловОбсуждение реконструкции и аварии ТЭЦ в Жогорку Кенеше
Обсуждение реконструкции и аварии ТЭЦ в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков анын өкмөтү ТЭЦтин айынан кетти деген пикирлерге кошулбай турганын айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар мурдагы премьер-министрдин эл өкүлдөрүн "саясий өлүк" деп атаганын эске салды. Бул боюнча Сапар Исаков өз оюн билдирип өттү.

"Биз парламентке отчетту тапшырып жатканда сегиз комитет колдогон. Башкаруучу коалициянын курамына кирген эки партия дагы колдоп, бир күндөн кийин эле позициясы өзгөрүп кеткенине өзүмдүн баамды бердим. Менин жообум ушундай", — деди ал.

Исаков ошондой эле анын өкмөтү ТЭЦтин айынан кетти деген пикирлерге кошулбай турганын белгиледи.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковго жүктөлүүдө. Мурунку премьердин жообу
"Мени ТЭЦ маселеси боюнча жумуштан кетиришти, ишеним көрсөтүлгөн жок дегенден алысмын. Оппозиция өзүнүн ишин жасады", — деди ал.

Ал эми депутат Искендер Матраимов Исаковдун өкмөтүнүн кетишине ТЭЦтеги авария шыкакчы болуп, Liglass, Huawei компаниялары менен түзүлгөн келишимдин аягына чыкпай, ара жолдо калганы өкмөттүн кетишине башкы себептердин бири болгонун белгиледи.

Эске салсак, Сапар Исаков кызматтан кеткенден кийин "Апрель" телеканалына маек берип жатып парламент "саясий өлүккө" айланганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0