Бишкек мэри кайсы учурда отставкага кетет. 10 себеп

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кенешинин депутаттары мэрди шайлоо учурунда. Архив
Бишкек шаардык кенешинин депутаттары мэрди шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзамда анын жол-жобосу толук жазылган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектин мэри Албек Ибраимов социалдык тармакта аны кетет экен деген имиштерди төгүндөп, кызматтан кетүү ниети жок экенин айтты.

Ал ошондой эле шаардык кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын мэрдин ишин канааттандырарлык эмес деп табышы мыйзамдуу күчкө ээ эместигин билдирген.

"Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзамга таянуу менен Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек мэри кайсы учурда кызматтан кетиши мүмкүн экенин билип, 10 учурду тизмектеп көрдү. Калаа башчысын кызматтан алуу боюнча акыркы чечимди премьер кабыл алат.

Мэр кандай учурда кызматтан алынат:

1. Жеке арызынын негизинде;

2. Укуктук-нормативдик актыларды аткарбоо, же ишин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен;

3. Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

4. Сот аны ишке жөндөмсүз деп тапканда;

5. Сот аны каза болду, дайынсыз жоголду же өлүм алдында деп жарыялаганда;

6. Туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенде;

7. Жарандыгы жокко чыгарылганда же башка мамлекеттин паспортун алганда;

8. Эмгекке жараксыз болуп кызматтык милдетин аткара албай калганда;

9. Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттардын үчтөн экиси ишеним көрсөтпөгөн учурда премьер-министр мэрдин отставкасын кабыл алышы мүмкүн, же ага макул болбошу мүмкүн.

10. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын депутаттары шайланган учурда.

Жаңылыктар түрмөгү
0