Жээнбеков УКМКнын орун басарын кетирип, ордуна жаңысын дайындады

© Sputnik / Григорий СысоевПортфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кожобеков аталган тармакта УКМКнын Ош облустук башкармалыгын жетектеп эмгектенген.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыковду бошоткон буйрукка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Дагы бир буйругу менен Мамасадыковдун ордуна атайын кызматта иштеп жүргөн Асылбек Кожобековду дайындады.

Кожобеков буга чейин президент Жээнбековдун коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Атайын кызматта акыркы жолу УКМКнын Ош облустук башкармалыгын жетектеп эмгектенген.

Буга чейин УКМКнын жетекчилигине Идрис Кадыркулов жана дагы бир орун басарылыгына Токтосун Сабыров дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0