"Ата мекенчилер" Никитенко менен Токтошев ЖКдагы эки комитетти жетектемей болду

Жазылуу
Комитет жетекчилери жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында шайланган

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары — Наталья Никитенко Укук тартиби боюнча комитеттин төрагалыгына, Эмил Токтошев Бюджет комитетинин төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Наталья Никитенко
ЖК депутаты Наталья Никитенко - Sputnik Кыргызстан
1/2
ЖК депутаты Наталья Никитенко
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Эмил Токтошев
ЖК депутаты Эмил Токтошев - Sputnik Кыргызстан
2/2
ЖК депутаты Эмил Токтошев
1/2
ЖК депутаты Наталья Никитенко
2/2
ЖК депутаты Эмил Токтошев

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында парламент комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" парламенттик фракцияларынын чечимдери каралды.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетин жетектөөгө Тынчтык Шайназаровдун, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төралыгына Зиядин Жамалдинов сунушталган.

Президент Жээнбеков антка турбагандардын тагдыры кандай болгонун айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков антты бузгандардын тагдыры кандай болгонун айтты. Видео
Ал эми "Ата Мекен" фракциясынан жогорудагы комитеттердин төрагалыгына Наталья Никитенко, менен Эмил Токтошевдин талапкерлигин сунушталган.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Наталья Никитенко ("Ата Мекен") жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Эмил Токтошев ("Ата Мекен") шайланды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0