Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жазылуу
Сагындык Келдибаев Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жаңы депутат болуп келген Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңеште ант берди.

Келдибаев "Республика — Ата-Журт" фракциясына вице-премьерликке дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна депутат болуп келди.

Буга чейин социалдык тармакка Сагындык Келдибаев Кыргызстандын да, Россиянын да жараны экени боюнча маалымат тараган болчу.

Ал эми Келдибаев Sputnik Кыргызстан агенттигине Россиянын жараны эместигин айткан.

"Россиянын жарандыгын 2006-жылы алып, 2014-жылы баш тарткам. Муну мен так айта алам, эгерде ушу тапта да РФ жарандыгы бар экени аныкталса, мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын", — деген Келдибаев.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Келдибаевдин кош жарандыгы боюнча маалымат такталып жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0