Биз эмнеге уялышыбыз керек? ЖК төрагасы Сапар Исаковдун отставкасы тууралуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков парламент саясий өлүккө айланып бара жатканын айткан

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин кезексиз жыйынында Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө боюнча чечимге комментарий берди.

Эскерте кетсек, бейшемби күнү, 19-апрелде, Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Сапар Исаковдун командасына ишеним көрсөтпөй турганын айтып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койгон.

"Кечээ биз өкмөттү мыйзамдуу түрдө отставкага кетирдик. Бул тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Биз эмнеге бүт дүйнө жүзү алдында уят болушубуз керек? Парламенттик өлкөдө бул кадыресе көрүнүш. Мындан тышкары, эч кимди добуш бер деп мажбурлаган жокпуз. Эл өкмөттүн ишине баа бериши керек, биз ошол элдин өкүлүбүз", — деди төрага.

Жумабеков Жогорку Кеңештин кадырбаркы түшпөгөнүн, ишеним көрсөтпөө жараянын эл өзү баалап аларын белгиледи.

Сапар Исаков жергиликтүү каналдардын бирине маек берип жатып, парламент саясий өлүккө айланып бара жатканына токтолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0